«Текебер адам аягында жалгыз калат»

Tooc кyшун билесинерби балдар? Ал чындыгында эле аябай кооз куш. Куйруктары узун, жыпжылмакай, жапжалтырак болуп көздүн жоосун алат. Караган адамды өзүнө аябай кызыктырат.

Мурунку бир замандарда мына ушундай бүткүл куштардын көңүлүн өзүнө бурган бир кооз тоос кушу жашаптыр. Куштардын баары анын сулуулугу тууралуу кеп кылышаар эле. Бирок сулуулугу өзүнө көрүнбөгөндүгү үчүн аябай капаланчу экен.

Бир жолу тоос көлгө бир аз суу ичкени барыптыр. Башын ийип суу ичейин десе эле алдында тим эле укмуштуудай супсулуу куш турат. Башын көтөрүп, бул ким экен деп караса, өзүнөн башка эч ким көрүнбөйт. Кайра сууга карайт. Ошол эле көрүнүш кайталанат. Айланада эч ким жок.

Ошондо гана тоос өзүнүн элеси сууга чагылганын түшүнөт да: «Бул сулуу куш мен экенмин го, мен тиги досторум айткандан да сулуу турбаймынбы!» -деп өз сулуулугуна таң калат.

Ошол куну кечке чейин өзүн көл жээгинде карап турат. Өзүнө-өзү: «Мен кантип өзүмдүн сулуулугумду билбей жүрдүм экен ээ?!»- деп нааразы болот. Анан дагы: «Ушунчалык кооз, сулуу экенмин, мага эч ким жете албайт. Баары менин сулуулугумдун жанында жолдо калат экен. Мына ошондуктан, мен куштардын ханышасы болушум керек»,- деп ойлонот.

Мына ошол күндөн кийин канаттуулар көпкө чейин аны көрбөй калышат. Себеби ал башка куштарды төмөн көрүп, тенине албай, кала берсе жандарына да барбай коюптур. Сулуулугуна суктанган тоос ар куну көл жээгине барып, өзүнүн көрүнүшүн карай бериптир.

Ушинтип арадан бир канча жылдар өтүп кетет. Башка куштар тоос кушунун сулуулугу тууралуу эмес, тескерисинче анын текебердиги тууралуу сүйлөшө башташыптыр.

Бир күнү тоос келге дагы келет да, карап отуруп, өзүн ушинтип карай бергенден тажап кетет. Анан бирөөлөр менен сүйлөшкүсү келет. Бирок так ушул учурда анын айланасында эч ким калган эмес эле.

Мына ошондо тоос өзүнүн жападан жалгыз калганын байкайт. Анткени канаттуулардын баары аны өзүн жакшы көргөндүгү үчүн таштап кетип калышкан эле. Себеби ал өзүн өйдө көрүп, калгандарын көзгө илбей койгон болчу. Бул кетирген катасын тоос азыр гана түшүнгон болчу.

Чынында ар бир адам өзүн эле жакшы көрбөстөн, өзүнөн башкаларга да маани берип, жакшы көрүш керек. Адам өзүмчүл болсо, анда баары аны таштап кетип калат. Текебердик адамды дайым жалгыз калтырат.

Топ 10 популярдуу жомок

Ырдын атыLike саны
БУГУ ЭНЕ(«Ак кеме» повестинен үзүндү)81
Алия менен жылкы44
Карышкыр менен эчки44
Карышкыр жана жети улак37
Акылдуу балдар31
Акылдуу кыз жомок27
Кыска жана күлкүлүү жомоктор24
Акылдуу кыз17
Нооруз жөнүндө жомок16
Аяз ата14

Сизге жактыбы? Комментарий жазыңыз

Сиздин email адрес жарыяланбайт. Обязательные поля помечены *