ТИКЕНЕКТЕРДИ АЛЫП ЖҮРГҮМ КЕЛБЕЙТ

Достор менен бөлүш
  •  
  •  
  •  
  •  
  •  
8

Кирпи тикенектүү жандык экенин баары эле билет. Көптөргө ал жакпайт. Бирок Кудай аны ушундай жаратса кантмек элек. Анын үстүнө ал кургур жанагы сайгылак күрмөсүн жайы-кышы үстүнөн түшүрбөй жүргөнү жүргөн. Эгер ал башкаларга ыңгайсыздык, ал тургай ооруксунуу жаратпаса анда эч нерсе эмес эле.

Мисалы, кирпи чечен теңтуштары менен кубалашмак ойноп жатат дейли, анан бир маалда эле анын тикенеги тыйын чычканды сайып кетип, ал муну кирпи атайылап жасагансып таарынып калды. Бирок бул үчүн кирпинин эч кандай күнөөсү жок да!

Же болбосо кирпи токой аралап чуркап баратса анын сайгылак тонуна кандайдыр бир жалбырактар менен мөмөлөр илеше берет. Анан кирпи байкуш күз бою, кыш бою кызыл-жашыл болуп жүрбөш үчүн алардан тонун араң арылтат. Мындан башка дагы бул сайгылак тондун азаптары канча?..

Ушул ыңгайсыздыктар тажаткан кирпинин баласы бир күнү үстүндөгү сайгылак тонун чечип ыргытып кыйкырды:

– Сайгылак кирпи болгум келбейт!- деп эшикке чыга качып, кечке чейин өзүн жеңил сезип жыргап ойноп, андан соң бүт токой боюнча сейилдеп жөнөдү.

Ошентип ал токой аралап кеткен жалгыз аяк жолго салып, оромпой тээп ойноп келатып азыркы абалына; “сайгылак тонсуз жүргөн кандай сонун!”- деп сүйүнүп жатты.

Чын эле анын жонуна эч кандай өсүмдүктөр илешип тартпастан, тетирисинче жонунан назик кытыгылап, сылап-сыйпап калып жатышты. Бир маалда кирпи алдында козу карын өсүп турганын көрдү. Кирпи козу карынды үзүп ала кетмекчи болуп жонуна салганда, ал жылмышып барып жерге түшүп калды. Мурда эч кандай мындай болчу эмес, кандай керектүү нерсе же тамак болбосун ийнелүү үстүнө ыргытып коюп жолун улантып кете берчү.

– Мейли, бул козу карын жата турсун, анан келип алып кетем,- деп өзүн соороткону менен кирпи бул табылгасынан араң алыстады.

Ошентип ал токой ичинде көпкө чейин сейилдеп жүрүп: “Ах кандай гана жеңилдик, кандай гана жыргал жашоо!- деп ойлонуп оюн жыйып алгыча бадалдардын арасынан барпайган сары куйрук көрүнө түшүп жок болду. Ошол замат кирпи:

– Түлкү!- деп кыйкырып, дароо эле буту-колун тумшуктарын катып бүрүшүп жата калды.- Эр болсо эми мага тийип көрсүн, мен аны тикенектерим менен…- деп анан дароо эле сайгылак тону үйдө калганын эстеп, өзүн коргой турган эч нерсеси жогун ойлоп буту-бутуна тийбей качып жөнөдү. Дагы жакшы, каардуу түлкү аны көрбөй калды. Болбосо… Ойлогондон дагы коркосуң.

– Ай-ай-ай! Бул эмне кылганым? Түлкү мени көрүп калса эмне болот элем?- деп качып баратып өкүнгөн кирпи ийинине кирери менен өзүнүн тикендүү тонун кие салып өзүнө келди.

– Жо-ок! Тикенектүү болсом болоюн. Ал эми досторум болсо тикениме сайдырышса дагы мени түшүнүшөр. Ошон үчүн алар дос да!- деп сүйлөндү бала кирпи.

Ошондон соң башкаларга жакпаган, өзү жакшы көргөн тикендүү тонун бала кирпи үстүнөн түшүрбөй кийип калыптыр.

Добавить комментарий

Ваш адрес email не будет опубликован.