ТООКТОР ТОПОЛОҢ САЛГАНДА

Достор менен бөлүш
  •  
  •  
  •  
  •  
  •  
10

Бир кишиге ажаан катын туш келгени жетпегенсип, анысы келесоо дага экен. Ошол аялын тарбиялаш үчүн ал эмнени гана кылбайт; алдайт, жалынат, акыл айтат, сабайт… Бирок дээринде жок неме ошол бойдон калат.

Күндөрдүн биринде ачуусуна ээ боло албаган эр бүлө катынын дагы сабайт. Ыйлаган бойдон сыртка качып чыккан аялы бак түбүндө кепшеп жаткан уйга көзү түшөт, уй да кожойке жем алып келген жокпу деген үмүттө карайт. Көзү жалжылдап, оозу кемшеңдеген уйдун кебетеси аңкоо аялга өзүн шылдыңдап жаткандай көрүнүп, ансыз деле ызалуу жаны жакын жаткан балтаны ала калып:

— Сен мени аягандын ордуна шылдыңдайт экенсиң да ээ! Ме сага! – деп желкеден ары берип-берип калганында уй бут серпкенге алы келбей кете берет.

Аңкоо катынынын артынан дагы бирдеме кылып жибербесин деп чыга калган киши уюнун сулап калганын көрүп, аялы дагы бирдин ичинен чыкканына түшүнүп, жини менен аны бир сыйра какыс-кукус кылат да, уюн адалдай салып, терисин сыйрыганга киришет.

Ошентип уюн шашып-бушуп союп бүткөн ал аялына этти туздай берүүсүн тапшырып, базар жабылып кала электе тааныш соодагерлерине этти сатууну сүйлөшүп келиш үчүн жөнөйт. Аял териде жайылып жаткан этти туздамакчы болгондо үйүндө туз жок болуп чыгат. Сурап келмек болуп бута атым жердеги кошунасыныкына чуркайт. Ал мындай жылары менен эттин жытынан улам жыла-жыла басып жыйналып келген бүт айылдын иттери этке “чабуул” коюп, бир заматта талап жеп кетишет. Аял чуркап жетип келгенде уй этинен бир чоң кесимге гана ээ болгон өзүлөрүнүн ити калган болот.

— Ах, канчык! Бүт айыл боюнча дөбөттөрүңдү чогултуп келип эттин баарын жедирдиңби! – деп итин кармап, жакшылап сабаш үчүн короодогу толтура шарап куюлган челектин сороюп чыгып турган тыгынына байлап алып чыбык менен сабай баштайт. Жаны ачыган ит ары-бери жулунуп, тыгынды сууруп кетет. Ачып-кычып араң турган шарап ээ-жаа бербей атырылып, бир заматта бүт короону каптайт. Айласы кеткен аял короону кургатыш үчүн ашканага кирип бир кап унду сүйрөп чыгат да, шараптын үстүнө төгүп ара-бери жайлап, анан үстү менен тебелей басып үйгө кирет.

Келесоо катыны дагы бирдеменин ичинен чыгарынан корккон кожоюн бат эле жетип келип, короосуна баш бакканда эле эмне болгонун түшүнүп, көзү караңгылаша түшөт. Ушул жини менен үйүнө кирип барган ал баары жайында сыяктанып бейкапар отурган аялын бул ирет айда төпөштөп, кубалап жиберет. Аял ыйлаган бойдон туш келди качып, айылдан анча алыс эмес жердеги эски чептин урандыларынын арасына жашынып отуруп, уйкуга кетет.

Түн бир оокумда үшүгөн жаны калтырап-титиреп ойгонсо, маңдайдагы урандылар арасынан шоола жанып турган болот. Башка аял болсо ал жерде албарстылар бардан бетер коркуп кетмек, биздин каарманыбыз эч нерсени элебегендиктен улам шоола чыккан жерге жетип караса, чептин кулаган дубалдары арасында пайда болгон коңулдун эң түпкүрүнөн кандайдыр жарык байкалат.

Аялдын аз иштеген мээсине бул жолу жөн отурсам үшүйм, андан көрө кыймылдасам жылыйм, убакыт да өтөт деген ой келип коңулду кеңейтип каза баштайт. Ошентип тынбай иштеген ал жерге жарык киргенде коңулду түбүнө чейин кеңейте казып, ал жерден бир кумура алтын таап алып үйүн карай чуркайт. Келесоодон мындай пайданы күтпөгөн, анын ушундай байлыкка жеткирерин ойлоп да койбогон кожоюн кумура алтынды аялына көргөзбөй жерге көмгөнчө шашат.

Аялынын сырын жакшы билген, алтын таап алганын элдин баарына жобурап айтып чыгарынан күмөнсүнбөйт, керек болсо бийликтегилерге бакан ооздор бат эле жеткизерин, алар жакшылыгына алса алтынды тартып алып эле тынчышарын, жамандыгына алышса бүт үй мүлкүн алып коюшарын, ал тургай башынан айрылышы мүмкүн экенин ойлогон кургур амал ойлоп таап, аялына кайрылат:

— Эй катын, согуш башталганын уктуңбу? Дайыма эле жумурткаларыбызды жеп салышат деп тооктор бизге согуш жарыялаптыр. Алардын сансыз аскерлери астынан чыккан адамдардын баарын өлтүрүп, бизди карай келатат дейт. Ошон үчүн эртерээк жашыныш керек!

— Кокуй! Мени жашынт! Менин жашагым келет! – деп азыр эле душман кирип келчүдөй болуп эки жакты элеңдеп карап, азыр эле качып жөнөчүдөй болот аял.

Ал эми анын күйөсүнө ушул эле керек болчу, ал дароо эле аялын чарбактагы топурак алчу чуңкурга жетелеп барып түшүрүп, үстүнө узун чырпыктарды таштап, ага таарды жапкан соң бир аз убакыт өткөрүп, таарга буудай чачты эле: кошуналардын тооктору жыйналып келип какылыктап талап-булап терип жей башташты. Муну уккан аялдын жүрөгү түшүп, жогору жакта тополоң салып жаткан тооктордун аскери өзүнүн мында жашынганын билип калбоосун Кудайдан тиленип, чуңкурдун түбүнө ыктап, ого бетер бүрүшөт. Ушинтип коңшулардын тоокторуна үч жолу буудай чачкан соң ал аялын чуңкурдан чыгарып мындай деди:

— Уктуңбу, тооктордун аскери үч жолу чабуул койгонун, мен чатырдын үстүнө жашынып араң аман калдым. Укканыма караганда тооктор бир топторду чокуп өлтүрүптүр, далайларды сокур кылышыптыр. Экөөбүздүн багыбыз бар экен. Тооктор дагы капташы мүмкүн, ошон үчүн үйдөн чыкпай отур, — деди.

Аңкоо аял бир-эки күн үйдө отуруп тооктордун тополоңун унутуп, адатынча көчөгө чыгып ар кимге ар кайсыны айтып жобурап жүрдү. Анын аткандары арасынан өзүнүн бир кумара алтын таап алгандагы кеби акыры бийликтегилерге жетип, ал жактан желдеттер келип, көп өтпөй эрди-катын сот алдында чөк түшүп отурушту.

— Укканыбызга караганда сен бир кумура алтын таап алыптырсың. Ушул чынбы? – деп сурады сот.

— Таап алганым чын, — дейт аялы. Ошондо күйөөсү кыйкырып жиберет:

— Былжырайт, таксыр сот! Аял кантип жер казып алтын таба алат, ошондо да менин бул келесоом? Таксыр сот, өзүңүз көрүп тургандай менин аялымдын акылы кем, андыктан эмне деп сүйлөп жатканын өзү да билбейт.  Ишенбеңиз буга!

Бирок сот аны укпагандай аялдан кайра сурады:

— Бир кумура алтын таап алганың чынбы?

— Таап алгам, ал биздин үйдө катылуу.

Аңкоо катын өзү тапкан алтынды өзү жок кылганы калганына көзү жеткен күйөөсү кайрадан кыйкырды:

— Таксыр сот, Куранды кармап туруп карганып бере алам, катыным жөн эле бирдемелерди жөөлүп жатат. Ушуга да ишенесизби? Мага ишенбесеңиз мындан алтынды качан тапканын сурап көрүңүзчү.

Сот мунун сөзүн жөндүү көрүп:

— Алтынды кайсы күнү таптың эле? – деп сурады аялдан.

— Баягы тооктордун аскери басып кирип, сиздин көзүңүздү чокуп салышкан күнү (чын эле соттун бир көзү сокур болчу).

Мындай көр көзүнө тийишкен сөз сотко катуу тийди, анын үстүнө бул аялдын тооктордун аскери басып кирген күнү дегени таптакыр чындыкка коошпой турду. Андыктан сот катуу ачууланып:

— Жоготкула, мобул кемпай катынды! – деп желдеттерине буйрук берди.

Ушундай акыл менен катыны келесоо киши соттун жазасынан кутулуп, табылган кенчти сактап калыптыр.

Добавить комментарий

Ваш адрес email не будет опубликован.