Турмуштук жомоктор

Турмуштук жомоктор

Акылдуу бала

Акылдуу бала

Акылдуу бала-Аудиосун угуу Илгери бир атагы чыккан ууру болуптур. Анын жалгыз баласы бар экен. Баласы чоңойгондо, атасы чакырып алып: Балам, ...
Толук окуу
Wti Like Count
353
Views
2899
Акылсыз хан

Акылсыз хан

Мурунку өткөн заманда малы көп, акылы аз бир хан жашады. Хан бир күнү ойлонуп отуруп, уулун чакырып: — Балам, палан ...
Толук окуу
Wti Like Count
6
Views
285
Жээренче чечен

Жээренче чечен

Мурунку өткөн заманда өзү чечен, сөзү бекем Жээренче аттуу киши болду. Анын Төлөмырза делчү уулу бар экен. «Өмүрүндө чын айтпаган ...
Толук окуу
Wti Like Count
184
Views
1543
Алдаркөсөөнүн аңгемеси

Алдаркөсөөнүн аңгемеси

Эзелки заманда, эртеги кабарда, Жаныбек деген хандын тушунда, жерге батпас, бекер жатпас бир бала чыкты. Баланын аты — Чагатай. Ал ...
Толук окуу
Wti Like Count
42
Views
246
Асыл таш

Асыл таш

Асыл таш аудиосун угуу Качандыр мындан нечен кылым мурун кыргыздын улуу тоосунун эки капчыгайын бүт ээлеген эки бай болуптур. Ал ...
Толук окуу
Wti Like Count
9
Views
338
Булардын кайсынысы чоң

Булардын кайсынысы чоң

Булардын кайсынысы чоң аудиосун угуу Алабаш деген чалдын жалгыз карала өгүзү болуптур. Өгүздү дайыма өзү бакчу. Күндөрдүн биринде Алабаш узак ...
Толук окуу
Wti Like Count
6
Views
155
Алтын шакек

Алтын шакек

Өткөн заманда, уккан уламышта, карылыгы жеткен кемпир-чал тердик бетиндей жерге таруу сээп, чоң суунун боюнда жашаган экен. Алардын Акжүрөк аттуу ...
Толук окуу
Wti Like Count
18
Views
1111
Өнөрү бар мышык

Өнөрү бар мышык

Өткөн заманда Сулайман аттуу бай адам жашап, анын жападан жалгыз уулу болуптур. Атасы уулуна кеп акыл айтып, кеңеш берсе, уулу ...
Толук окуу
Views
111
Ырыс алды — ынтымак

Ырыс алды — ынтымак

Качандыр акылман карыя болуп, анын тогуз уулу бар экен. Бирок балдары атасы айткан акылды укпайт, ар кимиси өз бетинче жүрөт, ...
Толук окуу
Wti Like Count
562
Views
9265
Сүйлөбөс кыз

Сүйлөбөс кыз

Өткөн заманда бир хан болуп, анын акыл кошкуч мыкты вазири бар экен. Хан да, вазир да бала көрбөй, көпкө чейин ...
Толук окуу
Wti Like Count
5
Views
191
Асан жана үсөн

Асан жана үсөн

Өткөн заманда Асан жана Үсөн деген эки баласы бар Сулуучач аттуу аял күйөөсү өлүп, жесир калды. Мунун өтө сулуулугуна кызыгып, ...
Толук окуу
Wti Like Count
12
Views
822

Турмуштук жомоктор балдарга турмуштук тажрыйбаны көгөзөт, ага акылмандыкты, айкөлдүктү жөнөкөй жана түшүнүктүү формада түшүндүрөт. Алар балаңыздан гармониялуу инсанды түзүүгө мүмкүндүк берет.

Турмуштук жомоктордун окуялары турмушта болушу мүмкүн­ болуп сезилет, бирок алар чындыкка негизделбейт, жомоктук сүрөттөө жана образ түзүү жолу тандалат. 

Эң негизги жомоктун касиети — окуялуулугу, ошол окуянын кызыктуулугу, түшүнүүгө жеңилдиги. Жомокторду адамдар ушундай болсо деген тилектен улам чыгарган, алардын каармандарынын каршысында кандай кара күчтөр турса да, кыйналып-кысталып жүрүп акыры жеңип чыгат. 

Андыктан да анын башкы каармандары жетим бала, жетим кыз, жалгыз бала, бир кемпир-чал, акылдуу дыйкан, таз бала ж. б. бей-бечаралар болот, алар акыры максат-муратына жетип, «жыргап-куунап» жашап калат. 

Ошондой эле алар балдарды ой жүгүртүүгө жана ойлонууга, фантазияны, кыялданууну, интуицияны жана логиканы өнүктүрөт. Мындай жомоктор баланы туура чечимдерге жана иш-аракеттерге үйрөтөт.

Балага ойлонууга жана чыр-чатактарды чечүүнүн туура жолдорун, кыйынчылыктарды жана коркуу сезимдерин жеңүүнүн жолдорун табууга мүмкүндүк берет.

Турмуштук жомоктор: 9 комментарий

Сизге жактыбы? Комментарий жазыңыз

Сиздин email адрес жарыяланбайт.