«Адамдын артынан ушак айтуу эң жаман адат»

Илгери бир падыша жаңы кызматчыларды алышы керек болуп, атайын сынак өткөрөт. Бул тандоо сынагына кишилерди экиден киргизүүгө буйрук берет. Алгач мына дегенде эле эки дос келет. Булар бири келишкен, жарашыктуу кийинген, экинчиси ага караганда арык, жүдөгөн жигиттер эле.

Падыша келишимдүү жигитти биринчи жанына чакырат да, экинчисин бөлмөдө күтүп туруусун буюрат. Жанындагы келишимдүү балага көптөгөн суроолорду берип, ага жооп берүүсүн талап кылат. Бала падышанын баардык суроолоруна жооп берет.

Падыша анан анын досун чакырат. Ал бала кирип отургандан кийин падыша:

«Досун кандай адам?» деп сурайт. Анан дагы: «Ал сен тууралуу такыр жакшы нерсе айткан жок го»,- деп кошумчалай кетет. Бала досунун жаман мүнөздөмө бергенине капа болот, бирок ал тууралуу жаман нерсе айтпайт. Досунун болгон жакшы сапаттарын айтып берет. Падыша кайрадан аны бош бөлмөгө жөнөтүп, келишимдүү баланы кайра чакырат. Анан ага карап:

— Досуңдан сен тууралуу сурадым. Бирок, ал такыр жакшы нерсе айткан жок. Аттиң, ички дүйнөң да сырткы келбетиңе жараша жакшы болсо болмок. А сен аны кандай тааныйсын?- деп сурайт.

Бала досуна аябай жинденет да, ачуусуна чыдабай падышага жалган нерселерди кошуп, досун өтө жамандай баштайт.

Ошентип падыша эки досун тен угуп буткөн соң, экөөнү бирдей чакыртат да:

— Бул баланын өңү келишимдүү болбосо да, ички дүйнөсү жана жүрөгү таза экен. Туура жана жакшы сөздөрүнөн улам, мен аны өзүмө кызматчы кылып алууну чечтим-дейт. Берки келишимдүү бала болсо бир падышаны, бир досун карап, унчукпай отуруп калган экен.

Мына ушинтип, сырткы келбети сулуу болгонуна карабай, ички дүйнөсү жаман болгон бала сарайга жумушка алынбай калыптыр.

Чындыгында адамдардын артынан жакшы сөздөрдү гана айтуу керек. Биз эгерде ар дайым жакшы ойлордо болсок анда жүрөгүбүз тазарып, ички дүйнөбүз жаман нерселерден арылат да, биз жакшы адамдардын катарын толуктайбыз.

Топ 10 популярдуу жомок

Ырдын атыLike саны
Алия менен жылкы67
Акылдуу кыз жомок37
Кыска жана күлкүлүү жомоктор32
Акылдуу балдар29
Көмөч нан (колобок) жомок28
Кырк калп жомок26
Жылдын төрт мезгили жөнүндө болумуш17
Коён менен кирпи17
ЖАЛКОО16
Карышкыр менен эчки16

Сизге жактыбы? Комментарий жазыңыз

Сиздин email адрес жарыяланбайт. Обязательные поля помечены *