Ырыс алды — ынтымак 2Качандыр акылман карыя болуп, анын тогуз уулу бар экен. Бирок балдары атасы айткан акылды укпайт, ар кимиси өз бетинче жүрөт, ага сырт кишилердин баары күлөт. Чоңу кичинесин сабайт, кичинеси чоңуна акырая карайт.

Бирдиги жок тогуз баланы бөлөк кишилер уруп кетет, атасы балдарынын кылыгы жөнүндө терең ойго түшөт. Эч айла болбогон соң, чал өзү тоого барды да, үйүнө чоң тутам табылганы көтөрүп келип, балдарын чогултуп алды:Кана балдарым, күчүңөрдү сынап көрөйүн, мына бул табылганы тобу менен сындыргыла, деди.

Тогуз уулдун ар бири кезектешип күчүн сынады. Бооланган тобулгуну эч кимиси сындыра албай, акыры шалдайып туруп калышты Карыя тобулгунун боосун чечип: Эми бирден сындырып көргүлө, деди. Балдары табылганы ошол замат чарт-чурт бөлүп:

Ырыс алды — ынтымак 3«Мына, сындырдык!» деп мактанышты. Абышка балдарын отургузуп алып, нускалуу сөз баштады: Мен силердин келечегиңерди ойлоп капа болом. Душманыңар көп, эгер ыркыңар жок болсо, душман силерди жанагы жалгыз тобулгудай барча-бурч сындырып коёт. Ал эми бооланган тобулгудай бирдиктүү болсоңор, сындырмак түгүл, силерди эч ким майтара албайт. Менин айтарым ушул, деди. Көп узабай абышка өлүп калды.

Балдары акылга келип, бирдик менен оокат кылып, касташкан душманды жеңип, артык дүнүйөсү болсо бейбечарага берип, ынтымактуу турмуш өткөрүптүр. «Ырыс алды ынтымак» деген сөз ошондон калган экен.

Топ 10 популярдуу жомок

Ырдын атыLike саны
Алия менен жылкы39
Акылдуу кыз жомок35
Кыска жана күлкүлүү жомоктор34
Акылдуу балдар29
Көмөч нан (колобок) жомок23
Кырк калп жомок21
Нооруз жөнүндө жомок21
Жылдын төрт мезгили жөнүндө болумуш20
Карышкыр менен эчки20
Карышкыр жана жети улак18

Ырыс алды — ынтымак: 16 комментарий

  1. Баары жакшы граматикалык каталарды тузош керек мислы:тобулгу эмес табылгы,ачандыр эмес качандыр

  2. Киченеси эмес, кичинеси. Барчабурч-тууранды соз(кош соз) , барча-бурч болуп жазылат.

Сизге жактыбы? Комментарий жазыңыз

Сиздин email адрес жарыяланбайт. Обязательные поля помечены *