ЖӨЖӨ ЖАНА КУЗГУН

Достор менен бөлүш
  •  
  •  
  •  
  •  
  •  
8

Илгери-илгери өткөн заманда бир Дыйкан баба болгон экен. Анын жери чоң болгондуктан, ар жылы жеринин көп бөлүгүнө буудай эгиптир. Буудайдын башы сеңселип данга толуп бышканда, дыйкан эгинди оруп-жыйнап, жанчып алчу. Эгин талаасындагы кырманда калган данды ар тараптан келген куштар терип жеп кетишчү.

Дыйкан бабанын жалгыз Эне тоогу болуптур, ал болгону алты жөжө чыгарат. Дыйкан баба тооккананын ичин кургактап, жем-суу койгонду унутпай, кокус кузгун келип жөжөлөрдү алып качышы мүмкүн деп, этияттап караган. Ошону билген Эне тоок да жөжөлөрү менен ээсинин жанынан алыска кетпеген.

Бир күнү Эне тоок жөжөлөрүн ээрчитип короодо жүрсө, жанына кызыл таажылуу Короз келет. Биринен бири татынакай жөжөлөрдү көрүп суктанат да, кашектердин арасынан бир даана данды чокуп келип, “ку-ку-лап” жөжөлөрдү жанына чакырып алат. Бирок ал жөжөлөргө данды оңойлук менен бербей, аларга “ким кыйын, күчтүү болсо, данды ошол алат” деп чурулдатып, талаштырып-тартыштырууга себепкер болот.

Жөжөлөр данды биринен-бир талашып, бирин-бири кубалап жөнөшөт. Бир маалда аларга алыстан көз салып турган Кузгунга жан кирип, бийиктен акырын жерге ылдыйлайт. Эне тоок муну байкап, тынчсыздана баштайт. Дароо “ку-ку-лап” балдарын чакырып, канатынын астына жашырды. Дыйкан баба болсо кыйла эле тоокторго жакындап калган Кузгунду “киш-киштеп” айдады.Кузгун уудан жолу болбогонуна капа болуп, уясында ачка жаткан балапандарына жем тапканы учуп жөнөйт…

Башка күнү Кузгун алысыраактан акырын учуп конуп, короодон көзүн албайт. Муну сезген Эне тоок балдарынан кабатырлана, канытынын астына бекемирээк жашырат. Бирок бир шок жөжө “мен бир карайынчы, кандай куш экен? Эмнеге бардыгы андан качышат?” деп асманга карап, аңырайып оозун ачып Кузгунду издейт.

Кузгун болсо шамдагайлык менен ылдыйлап, жөжөнү чеңгелдеп көтөрүп, качып жөнөйт. Муну көргөн Эне тоок менен Короз кыйкырып-бакырып дүрбөлөңгө түшөт.

Кузгун жөжөнү алып барып, балапандарынын алдына таштап жиберет. Балапандар жөжөнү көрүп: “Ай-ий, биздей кичинекей экен, балким биз менен жакшы дос болор” дешип, аны жешпейт.

Ошентип шок жөжө Кузгундун балапандары менен достошуп алат. Кузгун аны өз балдарына кошуп чоңойтот.

Күндөр өтүп, балапандар шактан-шакка конуп уча башташат. Жөжө да чоңоюп, сүйкүмдүү корозчо болуп калат. Учуру келип, мойнун созуп: “ку-кулап….» кыйкыра баштайт. Анын үнүн уккан Эне тоок “менин балам кузгундар менен дос болуп алыптыр. Үнүн угуп атасыңарбы?” деп сыймыктанат. Бирок байкуш Эне тоок баласын таптакыр көрө албаптыр. Анткени Кузгундун уясы өтө бийик дарактын чокусундагы калың бутактардын арасында болчу.

Кузгундар учуп, уясын таштап кетишет. Жөжө болсо уча албай же төмөн түшө албай калат. Эне тоок ылдыйдан баласын түшүшүн сурап, чакыра берет. Короз энесинин үнүнөн таанып, боюн төмөнгө таштайт. Ал кудум достору кузгундардай канатын жайып, жерге жумшак конуптур да “дүйнөдө учкан Короз мен болом, мен кыйынмын!» деп кыйкырганда, Эне тоок “о-й, жөжө короз, эмнеге мактанасың? Сен куш эмессиң, кадимки корозсуң” — деп демин басты. Дыйкан баба “чоңойгонуңда куштарга окшоп бийикке учуп көрчү” — деп көз кысып дем берет.

Бирок короз канчалык аракеттенбесин, чиренип туруп канаттарын күүлөсө да, денесин жерден эки-үч карыш көтөрө албаптыр.

Асмандагы кайкып учуп жүргөн кузгундарды көрүп, аябай суктанат. «Кана эми, мен дагы досторума окшоп, көк мелжиген алыстарга учуп барсам” — деп таттуу кыялданат. Учуу максатында канаттарын кагып, жогоруга учканга канчалык умтулбасын, дарактын жерге ийилген шагына араң көтөрүлүптүр…

Элдин айтымында, короздун чиренип, канат күүлөп, дарактын шагына чыгууга далбастаганы ошол корозчодон калган адат имиш…

Добавить комментарий

Ваш адрес email не будет опубликован.