Илгерки бир замандарда хан болуптур. Ал эмне кыларды билбей абдан эле зерикчүү экен. Ошол жыпык көз хандын аты Олзой эле. Эригип отуруп, ал бир күнү кол алдындагыларга мынтип буйрук кылат:
— Эгер ким болбогонду болгондой айтып, мени ишендире алса мен ага бир табак толо алтын берем!
Ушул сөз элге тарап, ар ким ар кеп айтып, акыры кезек хандын набайчысы Малаасгайга да жетет. Ал ханга кирет да, мындай дейт:
— Хан ата, менин атамдын узун муруту бар. Ошол муруту менен ал биз камырды аралаштырып жууругандай асмандагы сансыз көп жылдыздарды аралаштырат.
— Мунун эмнесине таң каласың, – хан бутук көздөрүн кыбыңдатты, – менин атам деле үйдө отуруп чылымын асмандагы Күнгө туташтырып тамызып атчу! Бар, кете бер!
Анан кезек хандын дагы бир кызматчысы – тигүүчү Слеодойго келди. Ал Олзойго ишенет деп мындай калп сүйлөдү:
— Хан ата, кечээ ушундай бир күн күркүрөдү деңиз, асмандын тигиши сөгүлүп кетпедиби. агы жакшы, мен бар экемин, кармап калдым да, айрылган жерин кайра жамадым.
Хан кырс-кырс күлдү:
— Слеодой, сенин жамаачылык жайың жакшы, аны баарыбыз билебиз. Бирок асманды жамаганың… болбой калыптыр, карачы, эрте менен эле төгө жамгыр жаабадыбы, сенин кылганың ошобу? Бар, бара бер!
Олзой хандын обу жок тапшырмасы тууралуу Тархас аттуу томаяк да эшитип калган. Ал да бир күн хансарайга арабасын айдап, көңдөй челегин калдыратып бош көтөрүп келди.
Хан терезеден карап турган, таң калды.
— Эй, Тархас, эмне болгон челек алып келдиң? Неге аныңдын ичинде эч нерсе жок?
— А, менби? Мен карызымды өндүргөнү келдим. – Тархас беймарал ошентти да келе берди.
— Сага ким, эмне карыз?
— Сен карызсың…
— Менби? Биринчи жолу угуп атам! Кандай карыз?! Эмне болгон карыз?! Кайдагы карыз?! – Каарданган хандын жаны чыкты жана аябай эле таң калды.
— Сен менден ушул челек менен толтура алтын карыз албадың беле? Эмне, ошону унуттуңбу?
Хан ачуулана баштады:
— Мунуң калп! Жалганчы экенсиң! Мунуң куру доомат!
— Эгер сен ишенбесең жана алтындарымды кайрып бербесең, анда убада кылган бир табак алтынды келе?!
— Ох, сен кандайсың, ырас сүйлөп атасыңбы? — Хан ордунан тура калды.
— Эгер мен чындыкты айтсам, анда мага бир челек алтынымды кайрып бер?!
Жыпык көз Олзой хан не кыларын билбей, амал ойлоп тапкан томаяк Тархаска убада кылган алтындарын берип кутулуптур.
мага жакты
мага жакты