«Жалкоолук адамды кулга айлантат»

Канаттуулардын ичинен күкүк аябагандай жалкоо. Ал өзүнө уя салыш үчүн да эринет. Жада калса өз жумурткасын дагы башка куштардын уясына таштайт. Анан ал жумурткаларды башка куштар басып чыгарат. Балапандарын да башка куштар тарбиялап чоңойтот.

Күндөрдүн биринде токойго күз келип, аба ырайы суук боло баштады. Байкуш жалкоо күкүктүн бараарга жери жок эле. Ал абдан титиреп үшүп чыкты. Анан: «Эми күн ачылса эле уя салып алам» деп ойлоп жатты. Бир маалда таранчынын уясына жакындап, таранчыга:

— Таранчы бир тууганым, мени бир күн үйүңдө түнөгөнгө уруксат берсең?- деп суранды.

Таранчы дароо эле макул болуп:

— Макул, бул түнү менин уямда түнөй бер,- деди.

Ал түнү күкүк таранчынын уясында түнөдү. Эртеси эрте менен рахматын айтып, ыраазычылыгын билдирип, учуп кетти.

Бул күнү аба ырайы бир аз ачылып калды. Күкүк болсо кечке чейин ары-бери учуп, сайраңдап ойноп жүрдү. Ойноп жүрүп өзүнө уя салганды унутуп калды.

Кечке жуук кайрадан суук түшө баштады. Күкүк байкуш кайрадан үшүп чыкты. Ал айласы кетип кайра эле таранчыга келди да:

— Таранчы досум, сага кайра келдим. Бул түнү да сеникинде түнөсөм болобу? — деп суранды.

— Ооба кел. Бүгүн дагы уруксат берем. Бирок дайыма эле минтип келе бергенин туура болбой калат. Ошондуктан сен өзүңө уя салышың керек, — деп кеңешин берди таранчы.

— Ооба, ооба сен айткандай болот. Эртең эле уя сала баштаймын,- деди күкүк.

Таранчы күкүктүн дайыма эле эртең дей бергенине ачуулана баштады. Бир жактан ал: «Элдин баары өз эмгеги менен убактысын бөлүп уяларын салып, жашоого шарт түзүшөт. Ал эми бул болсо сайраңдаганы сайраңдаган. Анан кечинде суук түшкөн кезде темселеп жылуу жай издеп калат» — деп ойлонду. Ошентип таранчыныкына түнөгөн күкүк эртеси дагы учуп кетти. Ал уя салууну ойлоп да койбой, ар бир кунду жыргап эс алып өткөрүп жүрө берди.

Мына ушундай суук күндөрдүн артынан ызгаардуу кыш келди. Бул күндөрү күкүк талаада дагы түнөөр жайы жок калды. Ал учуп дагы таранчыга келди да:

— Карачы, кандай гана жолу жок кушмун. Мына, уямды эми салып бүтөөргө аз калганда башыма мушкул иш түшүп, кар жаап салды. Досум! Бул түнү да сеникинде түнөсөм болобу? Анткени сыртта кар жаап жатат, — деп жалооруду.

Таранчы бул сөздү укканда аябай ачуусу келди да:

— Болбойт! Эми мен сени уяма киргизе албаймын. Мен сага «Уяңды күн жылуу болуп турганда салып ал» деп канча жолу эскерттим. Сен кулак салган жоксуң, — деп кыйкырды.

— Таранчы дос! Акыркы жолу сенин уяңда түнөйүнчү?…Акыркы жолу,- деп суранды күкүк.

Таранчы болсо баягысынан жазбай:

— Болбойт!- деп киргизбей койду.

Мына ушинтип токойдо таң атканча тынбай кар жаады. Жааган кар күкүктүн башынан бутуна чейин тоңдурду. Титиреген күкүктүн жүзүнө суук шамал да уруп жатты. Шамал болгон сайын байкуш күкүк титиреп үшүп чыкты. Заманасы куурулган күкүк түндү эптеп өткөрдү.

Эртең менен эл тура электе күкүктүн биринчи иши эмне болду билесизби?.. Жалкоо күкүк өзүнө уя салууну чечти. Ал уяга керектүү нерселерди таап келди да, уя салуу ишин баштаган экен.

Топ 10 популярдуу жомок

Ырдын атыLike саны
БУГУ ЭНЕ(«Ак кеме» повестинен үзүндү)81
Карышкыр менен эчки44
Алия менен жылкы43
Карышкыр жана жети улак37
Акылдуу балдар31
Акылдуу кыз жомок27
Кыска жана күлкүлүү жомоктор24
Акылдуу кыз17
Нооруз жөнүндө жомок17
Аяз ата14

Сизге жактыбы? Комментарий жазыңыз

Сиздин email адрес жарыяланбайт. Обязательные поля помечены *