Tеминген салкын жел белең
Терметкен кубат дем белең
Теңтиги күнгөй тескейге
Термелип конгон ил белең
Теңдешсиз көркөм Ат Башым
Теңирден калган жер белең
Ат Башым менин Ат Башым
Теңирден калган жер белең
Ак туман тунуп сарыгып
Адыры күлгө чалынып
Аскадан туйлап суулары
Арчадан килем салынып
Ата энем өскөн асыл жер
Ар дайым турам сагынып
Ат Башым менин Ат Башымды
Ар дайым турам сагынып
Каркылдап учса ак казы
Канатын күүлөйт аскасы
Кайберен ойноп төрүндө
Калкылдайт тоонун ак башы
Каректен кетпей калкыган
Керемет жерим Ат башым
Ат Башым менин Ат Башым
Керемет жерим Ат Башым
Жакпай анан Ат башымды кантип мактабайын.
Адыры гүлгө чалынып эмеспи
Сонун ыр канча уксам да кайра уга берем
Абдан жакты