Күндөрдүн биринде Жээренче чечен жана Азиз Жаныбек вазирлери болуп ордонун ичинде отурганда
Алдар Кесе эшиктен кирип: «Ассалоом алейкум, кан» — дейт.

Жээренче чечен: «Алекима ассалам, эл жоргосу», — дейт. Алдар Көсө отургандан кийин Жээренче чечен ишарат кылып колу менен башын кагат. Алдар Көсө колунун учу менен тилин кагат да, эшикке чыгып кетет.

Ал чыгып кеткенден кийин Жээренче чечен Жаныбек канга: «Мени эч ким жыга алуучу эмес эле, ушул кирген Көсө жыгып кетти», — деди эле, кан:

Жээренче чечен, сени Көсө кантип жыкты? Көсө эшиктен кирип: «Кан ордосу» — деп салам айтты, сен:
«Эл жоргосу» – деп жооп бердиң. Андан башка эч кандай жыгылыш боло турган сөз болгон жок го», — деди.

Анда Жээренче чечен: «Көсө эшиктен салам айтып
кирип отурганда колум менен башымды кагып: «Балаа
башка кайдан келет?» — деп сурадым эле. Көсө колу менен тилин кагып: «Балаа башка тилден келет » — деп жеңип кетти, — деди.

Жээренче чечендин бул сөзүн угуп кандын кыйынсынган бир вазири: «Алдар Көсөнү мен женем»,- деп кан менен убада кылышат. Женип келсе, кандан тилегенин алмакчы. Жеңилсе, «женем» деп барган кандын кыйынсынган вазири жанынан айрылып дайынын таппай калмакчы.

Аттан тандап минип алып, Көсөну издеп чыгат. Колуна таягын таянып алып Көсө шыпылдап бара жатканда вазир аркасынан жетип, салам айтты эле, Көсө алик алып: «Ээ балам, кайдан
келе жатасын?» — деди. Вазир: «Сизди издеп келе жатам» — дейт. Кесө: «Жумушуң бар беле менде?,-дейт.
Анда вазир: «Жер ортосун таба албай сизден сурайын
деп келдим, бул бир суроом, акыр заман качан келет,
ал экинчи суроом?» — деди.

Көсө токтолбостон туруп: «Арзан эле жумуш турбайбы, балам», деди да, таягын колуна алып, көзүн аландатып эки жакты караган болду. «Атаганат ай, боюм жапызыраак болуп жатат», — деди эле, вазир: «Эмесе, менин атымды минип алып караңыз», — деп атын бере койду.

Көсө атты минип алып, таягы менен шарт камчыланып: «Атаа балам ай, көпкөн убагын экен, акыр заманды да сураганы турасынбы?» -деди. Анда вазир:
«Кыйын болсон экөөнү тең таап берчи?»-деп демитти.

Көсө ары-бери чапкылап, алак-булак эки жагын караган болуп: «Таптым, таптым»-деп вазирге кайта чаап келди. Вазир: «Тапсан айтчы?, — деди эле, Алдар Кесе: Отурган жериң жер ортосу, акыр заман атынан айрылган кишиде»-деп, чапкан бойдон кете берди.

Топ 10 популярдуу жомок

Ырдын атыLike саны
БУГУ ЭНЕ(«Ак кеме» повестинен үзүндү)81
Карышкыр менен эчки44
Алия менен жылкы43
Карышкыр жана жети улак37
Акылдуу балдар30
Акылдуу кыз жомок27
Кыска жана күлкүлүү жомоктор19
Акылдуу кыз17
Нооруз жөнүндө жомок17
Аяз ата14

Сизге жактыбы? Комментарий жазыңыз

Сиздин email адрес жарыяланбайт. Обязательные поля помечены *