Бириктик жан болсок да эки бөлөк,
Мен сага, а сен мага тирек, жөлөк.
Мөмөлөгөн дарактай эне болуп,
Аппак уул, Кызыл кызды бердин төрөп.
Кайрыма:
Кыйбасым, кыйындыктан бирге болдуң
Ысыкка бирге күйүп, бирге тоңдуң
Бакубат ушул күндөр узак жашап
Убайын көрсөк экен, урматын көрсөк экен ошолордун
Тирликтин сапарына шыр аттанып,
Түндүктөн түтүн булап, чырак жагып.
Иштен келсең үйүбүз очор-бачар,
Өзүнчө мамлекет сыяктанып.
Кайырма:
Жалганбы, бала үйдүн куту экени?
Көзүбүз бала десе төрт экени.
Жалганбы мекендин койнундагы?
Ар бир үй өзүнчө эле өлкө экени.
Кайырма:
МУЗАМАН тобу — Жубайыма тексти
Датасы: 30.08.2020 Көрүүлөр: 445