Арман ай

Илгери, илгери бир карыя киши басса-турса эле “арман ай” деп жүрчү экен. Бул карыянын топ бузар курдашы болуптур. Бир күнү ошол курдашы:

— Сен дайыма эле “арман ай” деп жүрөсүң, эмнеге арман кыласың? Бала-чакаң бар, төрт түлүгүң шайма-шай, — деген экен.

Ошондо карыя:

— Менин арманымды уга турган болсоң балдарыма айткын, элди чакырып тамак берсин, арманымды ошондо айтам, — дейт. Читать далее Арман ай

Үч ууру

Үч жерден үч ууру аттанып, бир жерден үчөө тең кезигишет. Бул уурулар сөзгө келип, бири- бири менен таанышышат. Биринчи ууру:

— Мен жанда жок уурумун- дейт.

Экинчи ууру:

— Мен жанда жок баатырмын- дейт.

Үчүнчү ууру:

— Мен жанда жок ченчимин. Мен отун бар деген жерде отун, суу бар деген жерде суу, эл бар деген жерде – эл бар, кыскасы бар деп айткандарымдын баары бар, баарын караңгы, жарыкта болсун жазбай табам,- дейт. Читать далее Үч ууру

Эң сараң киши жөнүндө жомок (Чыгыш эл жомогу)

 

Хаус аттуу өлкөдөгү шаардын биринде На-хан деген адам жашаптыр. Ал эң эле сараң киши болуптур. Узак жолдон чарчап-чаалыккан жолоочудан жарым кашык суусун да аячу экен. Токмок жесе да топтоп чогулткан байлыгынан бир тыйын чыгарчу эмес экен. Байлыгы болсо көп болуптур. Канча байлыгы бар экенин На-хан өзү да так билбесе керек.


Бир жолу ал жайлоодон түшүп келип эчкилеринин бири башын карапага салып алып чыгара албай жатканын көрөт. На-хан эчкинин башын карападан бошотом деп көпкө убараланат. Бирок анысынан майнап чыкпайт. Анда ал касапчыларды чакырып, көпкө соодалашкандан кийин аларга эчкисин сатат. Бирок эчкини сойгондон кийин карапаны бошотуп кайрып бергиле деген шарт коет. Касапчылар эчкини соет, бирок анын башын карападан чыгарып жатып, карапаны сындырып алышат. На-хан катуу ачууланат.

— Мен эчкини ансыз да арзан саттым, чыгымга түштүм, а силер болсо эми карапаны да сындырып салдыңар, — деп кыйкырат ал. Ызасынан ыйлап да жиберет. Ошондон бери ал эчки менен койлор дагы башын салып алып кайра чыгымга түшүрбөсүн деп, карапаларды жерге калтырбай, бийик жерге коюп калыптыр. Ал эми эл-журт болсо аны сараңдын сараңы деп атап калышыптыр.

Ак булутту атпагыла

Түн жаңыдан кирген кезде таенем экөөбүз үйдүн алдында отурганбыз.

Жаркырап тийген айдын аянычтуу жарыгына чагылышып, томуктай болгон апапак булут тоонун боору менен акырын жылып, таенем экөөбүздүн жаныбыздагы булакты көздөй сүйрөлүп келатты. Табияттын мындай сулуу көрүнүшү мага аябай жакчу. Чуркасаң эле жетип барчудай болуп аппак булут бизге өтө жакын келди. Читать далее Ак булутту атпагыла

Дөөтү уста менен ителги

Илгери өткөн заманда колунан көөрү төгүлгөн зергер уста Дөөтү жашаптыр. Ал кызыл чокко колун салса да күйүүчү эмес экен. Темирди камырдай жууруп, түркүн буюм жасачу, алтын күмүштөн оймо-чийме чегүүчү. Баатырларга соот-чопкут, жоо-жарак жасаса, элге алтындан баалуу буюмдар жасады, шаарга чеп курду, желге жел тегирмен, сууга суу тегирмен чуркатты.

Калкы кадырлап, атагы алыска жайыла баштады. Миңдеген шакирттер өнөрүн үйрөндү. Алыскы өлкөдөн да келип үйрөнүп кетип жатты. Дөөтү алардан өнөрүн эч аянган жок, баарына бирдей үйрөттү. «Бирок, — деди ал шакирттерине, — эч убакта мактанбагыла. Эгер мактансаңар усталык өнөрдүн сыры ачылып калат да, оттогу темирди колуңар менен кармай албай каласыңар». Шакирттеринин баары устатынын айтканын эске тутушту. Ошентсе да алардын ичинде бирөө бар экен. Читать далее Дөөтү уста менен ителги

Алданган бүркүт

Куу түлкү жойлоп жүрүп, акыры бир айылдын четиндеги дөбөгө туш келет. Ал дөбөнүн күн батыш тарабында момолой чычкандардын бир нече ийини бар экен, аны көрүп түлкү кубанычка батып, ылайыктуу жер таап ошого жашынып жатат.

Бир маалда күнгө кактанганы чыккан чычкандар бири бирине кабар бергенсип чыйылдашып жатып сыртка чыгышат. Ушуну эле күтүп турган куу түлкү бир-эки секирүү менен эки чычканды кармап жеп курсагын кампайтып эми өзү күнгө кактанып жатканда аркы дөңгө чыга келген бүркүтчү дароо түлкүнү көрүп, колундагы бүркүтүн коё берет. Читать далее Алданган бүркүт

Сулуу келин

Бир жигиттин түшүнө ай десе аркы жок, күн десе көркү жок сулуу кыз кирет. Ошо сулууну табам деп ал жигит: Медийнанын беш бурчун, Беш айланып кыдырат. Төгөрөктүн төрт бурчун, Төрт айланып кыдырат. Баягы ойдогу сулуусу табынбайт. Жалдырап жигит жолго салат. Келе жатса бир булактын башында тамагынан ай көрүнгөн бир сулуу келин олтурат. Жигит ойлоно калып: “Менин түшүмдөгү көргөн кыз келин болуп калды. Мейли тобокел, ушуга сөз салып, тийсе алайын -деп камчысын бүктөп олтура калып: Читать далее Сулуу келин

Үч кыз

Илгери-илгери бир кишинин үч кызы болуптур. Улуусу күзгүгө каранып отурганды жакшы көрсө, ортончусу таранганды сүйөт. Кичүү кызы куурчагына кийим тигүү, менен алек болот. Күндөрдүн бир күнү энеси кыздарды карагат терип келүүгө жиберет. Үчөө үч баштык алып, карагат терүүгө женөйт. Читать далее Үч кыз

Мүнүшкөр

Илгери-илгери он жети жашар мүнүшкөр бир байдын үйүнө келип консо бир бүркүт турат. Эртең менен бай байбичеси экөө желеге бээ байлайлы деп кетишет. Бала бүркүткө карап:

-Кайран асыл, билген кишинин колуна тийбей, билбес кишинин колуна тийипсиң,-деп сүйлөнөт.

Анын сөзүн угуп калган бир бала байга барып:

-Үйдөгү конок бала бүркүттү “кайран асыл, билген кишинин колуна тийбей, билбес кишинин колуна тийип калыпсың”-деп жатат,-дейт. Читать далее Мүнүшкөр

Жылан менен кишинин арбашы

Илгери- илгери бир дыйкан болгон экен. Эгинин отоп жүрсө, жакын эле жерден ышкырган дабыш чыгат. “Эмне болду экен?”- деп карай калса, бет маңдайында эки- үч кадам аралыкта эгинден да бийигирээк болгон жылан куйругу менен тикесинен турат. Дыйкан апкаарып жыланды тиктеген боюнча туруп калат. Баягы жылан да кишиден көзүн албай, тостоё тигилет. Дыйкан да көзүн ирмебей көпкө чейин карап тура берет. Читать далее Жылан менен кишинин арбашы