Сыйкырдуу жомоктор — бул реалдуу эмес каармандар катышкан өзгөчө жана укмуштуу окуялар.
Сыйкырдуу жомоктор сизге жана балдарыңызга кереметтер жана укмуштуу окуялар дүйнөсүнө кирүүгө жардам берет.
Кереметтүү, укмуштуу окуялар жөнүндө жомоктордо болбой турган, болууга мүмкүн эмес фантастикалуу сюжеттер, каармандар орун алат.
Каармандар жалгыз көздүү дөө, жети баштуу желмогуз кемпир, сүйлөгөн таш, сыйкырчы ж. б. нерселер болот, мында жайыл дасторкондор, уча турган килемдер, дүйнөнү көрсөтүүчү күзгү ж. б. буюмдар каармандарды коштоп жүрөт.
Мындай жомоктор балдардын кыялдануусунун өнүгүшүнө чоң таасир берет. Укмуштай кызыктуу окуялар ар кандай курактагы балдар үчүн кызыктуу болот.
Мындай жомок жөн гана кызыктуу болбостон — баланын жашоосун түрдүү түстөргө толтурат, эң жөнөкөй нерселерди өзгөчө нерселерге айлантат.
Сыйкырдуу жомоктор балдарга дүйнөнү өз алдынча сезүүгө, жаратууга умтулууга жана кооздугун баалоого жардам берет.
Ката тапбадым эн Сонун сапатта жазылыптыр