Мекен ырлары 1

Мекен ырлары

Мекен ырлары. Патриоттук ырлар. Лирикалык ырлар. Кинодогу ырлар.

1 2 3 4 13

Мекен ырларына томонку ыр саптары дал келет деген ойдобуз. Кыргызстаныбыз өсө берсин. Уул кыздарыбыз ушул ырларды угуп патриот болуп өсүшсүн.

Кыргызстан


Балдары баатыр эр чыккан,
Балбан билек шер чыккан.
Ат дайныңды эл уккан.
Өрүшкө малы жайлаган,
Өзөнгө жылкы байлаган.
Ышкыбоз келип баарысы,
Ырыскы баштан тайбаган.

Суулары ашып сай-сайдан,
Өзөнгө куюп ар жайдан.
Жээгинде түркүн гүлү бар,
Кубанбай коёт кандай жан.

Суусуну шекер, чөбү бал,
Семирип малы дардайган.
Аскасы бийик кар чалган,
Аягын токой курчаган.

Арасы түрлүү кайберен,
Аярлап түнөп тынчыган.
Агала барчын шаңшыса,
Ак калтар качат бурчунан.

Аргымак күлүк байлаган,
Алыска чаап айдаган.
Төрт түлүктүү мал багып,
Төр-төрдүн башын жайлаган.
Белгилүү болуп кыргыз эл,
Береке ашып жайнаган.

Келин менен кыздары,
Келтирип чолпу тагынган.
Кээ бир жигит суктанып,
Кезиккенче сагынган.
Элечек башта калкайып,
Энелер ичик жамынган.

Дүйнөгө чыгып атагы,
Дүркүрөп кыргыз байыды.
Жайлоосу мал, бөксөдө,
Жаркырап конгон айылы.
Кыйкырып короо кайтарып,
Кыз-келиндин шайыры.

Жерлери сонун кыргыздын
Атырдай жыты буркурап,
Салкын жел согуп зыркырап.
Абасы таза, тунук суу,
Жайлоосу сонун кыргыздын!

Кайыштай тилип чымдарын,
Себип бермет дандары.
Мол түшүм берген өстүрүп,
Жери сонун кыргыздын.

Мекен ырлары

Мекен ырлар жыйнагы

Мекен ырлары: 36 комментарий

Сизге жактыбы? Комментарий жазыңыз

Сиздин email адрес жарыяланбайт. Обязательные поля помечены *