Илгери-илгери бир акылсыз карышкыр болгон экен. Бир күнү эчкиге жолугуп калып:

— Мен сени жейм, — дейт.

— Мейли, жесең же. Бирок мен өтө эле арыкмын, анын үстүнө карып да калдым. Сен кичине күтүп турбайсыңбы, менин бир кызым бар, ошону ээрчитип сага алып келип берейин. Анын эти аябай даамдуу — дейт эчки.

Карышкыр макул болуп, эчкини кое берип, күтүп турат. Эчки болсо барып койчуга карышкыр тууралуу айтып салат. Койчу келип карышкырды өлөрчө сабайт. Карышкыр араң качып кутулат.

Бир күнү ошол карышкыр койду көрүп калат.

— Эй, кой, мен сени жейм, — дейт.

— Мейли, — дейт кой. — Жесең же. Бирок мен өлөөр алдында бир бийлеп алайын, уруксат бересиңби?

Карышкыр макул болот. Кой болсо бийлеп-бийлеп, алыстап-алыстап отуруп аягында качып кетет. Карышкыр кайра ачка калат.

Андан ары кетип баратса, талаада жылкы жүрүптүр. Карышкыр ага келип:

— Жылкы, мен сени жейм, — дейт.

— Макул, — дейт жылкы. — Эми сен мени куйругумдан баштап же, ага чейин башым чөп оттоп турсун, макулбу?

— Мейли, — деп карышкыр жылкынын артына барат. Жылкы болсо аны келиштирип туруп тээп салат.

Ошентип карышкыр өлүп калыптыр.

Топ 10 популярдуу жомок

Ырдын атыLike саны
Алия менен жылкы57
Акылдуу кыз жомок46
Жакшылык кылуу - Жакшылык тууралуу жомок32
Көмөч нан (колобок) жомок25
ЖАЛКОО24
Коён менен кирпи24
Акылдуу балдар20
Бакыт-таалай каякта?19
Кырк калп жомок15
Акылдуу кыз13

Сизге жактыбы? Комментарий жазыңыз

Сиздин email адрес жарыяланбайт. Обязательные поля помечены *