Илгери, илгери ит жалгыз жашачу экен токойдо. Өмүрү кызыксыз өтүп жатканына өкүнгөн ал бир күнү дос издеп чыгат. Болгондо да эч кимден коркпогон эр жүрөк дос күткүсү келет. Ошентип баратып коёнду жолуктурат.

— Кел, дос болуп, бирге жашайбыз, — дейт ит.

— Дос болсо бололу, — макул болот коён.

Кечинде түнөк таап жатып калышат. Түнкүсүн чычкан чуркап өткөндө ит ажылдап үрүп жиберет.

— Эмне үрөсүң? Карышкыр укса экөөбүздү тең жейт, — дейт чочуп ойгонуп, кача турган болгон коён.

«Бул досум мен каалагандай болбой калды. Карышкырдан коркот экен. Ал эч кимден коркпосо керек, демек карышкырды таап дос болгонум оң”, — деп ой жоруган ит эртең менен коён менен коштошуп, карышкырды издеп жөнөйт. Аны караңгы капчыгайдан кезиктирип, сунуш кийирет:

— Кел карышкыр, экөөбүз дос бололу.

— Жалгыз жүргөндө эмне, дос болсок бололу, экөөбүзгө көңүлдүү эмеспи, — макул болот бөрү.

Түн кирип, экөө бадал түбүнөн жай алышат. Бир маалда жакын жерден бака балч-балч этип секирип өткөндө сак кулак ит үрүп жиберет. Чочуп кеткен карышкыр секирип туруп итти урушат:

— Ажылдаган акмак! Аюу укчу болсо экөөбүздү кошуп эки чайнап бир жутат.

“Эр жүрөк десем мунум деле эптеп жүргөн бирөө экен. Муну коркуткан аюу анык баатыр болсо керек”, – деп ойлогон ит эртең менен карышкыр менен коштошуп, аюуну издеп жөнөйт. Аны да таап келген максатын билдирет:

— Аюу баатыр, кел достошуп бирге жашайлы.

— Мейли, жүрү анда менин ийиниме.

Макул болгон ит аюунукуна келет. Түн киргенде ийиндин алдынан жылан сойлоп өтөт. Сак кулак ит анын шарпасынан шак секирип туруп, үңкүрдү үч көтөрө жаңыртып үрөт. Чочуп ойгонгон аюу досу зекийт:

— Эмне ажылдайсың? Адам укчу болсо терибизди тетири сыйрыйт!

“Эх бул да далдайганы менен коркок тура, андан көрө адамга барайын”, – деп ойлогон ит аюу досуна кош-пеш айтканга жарабай адамга келет.

— Эй адам, кел, дос болуп бирге жашайлы.

— Кел,- деп адам итти жакшы кабыл алып, тамак берип, үйүнүн жанына ит кепе куруп, жаңы досун жаткырат. Ит адатынча ар бир дабышка үрсө да адам коркпойт, кайра жаңы досун үйдү кайтарганы үчүн мактайт, шыктандырат.

Ошондон бери ит адамдын досу болуп калыптыр, балдарым.

Топ 10 популярдуу жомок

Ырдын атыLike саны
Алия менен жылкы54
Акылдуу кыз жомок44
Жакшылык кылуу - Жакшылык тууралуу жомок32
Көмөч нан (колобок) жомок25
ЖАЛКОО24
Коён менен кирпи24
Бакыт-таалай каякта?19
Акылдуу балдар15
Кырк калп жомок15
Акылдуу кыз13

Один комментарий к “Иттин дос издегени”

Сизге жактыбы? Комментарий жазыңыз

Сиздин email адрес жарыяланбайт. Обязательные поля помечены *