Мурунку өткөн заманда ата-энесинен эрте айрылган тоголок жетим бала болгон экен. Энесинин кийинки күйөөсү бир жылдай бирге жашаса да, балага ырайым кылбай коюптур.

Бала жетимчиликтен желкеси күйүп, карыпчылыктан карды тойбой, турмуштун кыйынчылык каарын тартат. Канчалык кыйналса дагы, келечектен үмүт үзбөй, жамандык жолго барбай, арамдыктан алыс болот. Антип-минтип турмуш алынын бардыгынча жанчып, тоголок жетим боорун жерден алат.

Көбүнчө ал тоо-ташты мекендеп, согон, ышкын, жөргөмүш, козу кулак, пияз, четиндин ашын терип жеп, эч нерседен коркпой жашай берет. Кез-кезинде ата-энесинин көрүстөнүнө барып таазим кылат. Колунда жаасы болгон менен, бир дагы канаттууну атпайт. Алардын басып жаткан жумурткасына тийбейт, балапандарын көрсө шилекей алышып дос болот.

Антип-минтип баралына келет. Тоо-ташта жалгыз жүрсө дагы, ары өткөн, бери өткөн саламын жазбайт. Тоголок жетим канчалык кыйналып-кысталса дагы, ууру кылганы жок. Калп сүйлөгөндү жаман көрөт, эмгектен баар тапсам деп, басса-турса ойлонот. Бир күнү эрте туруп, жуунуп, тамактанып алып, күн батышты көздөй сапар тартат…

Жолдо ойго батып басып келе жатса, кыйылып соолуюн деп калган тал жатат. Колуна алып сууга келип: «Муну отургузуп сообуна калайын» – дейт. Бир аз жүрүп отурса, кургакка чыгып калып соолуган балыкты көрөт. Аны да боору ачып, жерден көтөрүп алат.

Суу боюна келип, адегенде талды отургузат. Анан балыкка көлчүк жасап салат. Бак бүр байлап, бара-бара калдайган бак болот. Көлөкөсү көңүл ачат. Балык болсо тукум чачып, жыбыраган алтындар пайда болот. Бала далайга карап туруп, курт алып келип таштайт.

Сууга жуунуп отурса, бышкан кирпич чыгат. Аларды алып балчыкты аралаштырып он киши баткандай үй салат. Казанга очок жасап, куураган талдардан көп отун жыйнап коёт. Ары-бери өткөндөргө чай кайнатып берет. Колунан келген сыйын аябайт. Тоголок жетим ошол жерди мекендейт. Бак өстүрүп, гүл айдайт.

Бир күнү үйүнө жакын төшкө чыгат. Андан таш пияз алып үйүн көздөй жол тартса, артынан бир төө ээрчип келе жатканын көрөт. Үйүнө келип, ага туз жалатат. Чөгөрүп, жүнүн жулуп алат. Анын жүнүн баштыкка салып, башына жаздайт. Багы көйкөлүп, көлөкөсү жанды кубантат. Балыктардын арасында алтын балык нур чачат.

Кербенчилерге кызмат өтөйт. Алар балага казан-аяк, чай, кант, жууркан-төшөк таштап кетип, үйү коюлуп жакшы болуп калат.

Бала кечинде үйүндө ойго батып отурса, бир ак сакал үйүнө кирет. Бала тура калып, салам айтып, орун берет. Ак сакал мындай дейт:

– Балам, өтө кичи пейил, мээнеткеч экенсиң, сага кудай берет. Не тилесең, тилегиң кабыл болсун. Кечинде мен алты жолдошум менен келем, конок кыла аласыңбы? – деп баланы карайт. Бала:

– Жоктук уят эмес, байлык мурас эмес деген, ата, конок кылам, келе бериңиз, – дейт.

Чал заматта кайда кеткени билинбей калат…

Бала калама жасап, мейманды күткөнгө даярданат. Кечинде аксакал баштаган жети адам келип:

– Кудай конокпуз, – деп отурушат.

Бала бата кылдырып, төөнү өзү арыдан-бери соёт. Казанга этин салып, жакшылап бышырат. Эт бышканда, меймандардын колуна бала суу куйдурат. Эт тартылып, чык берилет. Бат эле этти аймап, жеп жиберишет. Колдорун жууп бүткөн соң, кеп-сөз жок магдырап отурушат…

Бала булар тойбой калган экен деген ой менен төөнүн жарым этин дагы салып, эзилте бышырат. Дасторкон салып, эт тартылат. Караса, таң агарып калыптыр. Бала бата тилеп баарынын колуна суу куят. Сууну төгүп, кайра келгенче, алты меймандын бирөө калып, башкасы көздөн кайым жок. Бала аябай таң калат. Көпкө ойлонот.

Ак сакал карыя күмүш сакалын жайкалтып, бата берет:

– Алдыңды мал, аркаңды бала бассын, эртең эрте тур, айланаңды карасаң, короо толгон кой, желе толгон бээ, желини карыш уйлуу болосуң, мал бүтүп байыганда, такыр текеберчилик кылба, үйүңө кут консун, жети адамдын бири кадыр, – деди да, көрүнбөй калды.

Эртеси ойгонуп, талаага чыкса, айланасы толгон мал. Бала үй-жайлуу болот. Үч уул табат. Аялы да, балдары да эмгекчил, ак пейил, кичи пейил оозго кирген адамдардан болуп, эл арасына сөз тарайт. Мал баккандарга боорукерлик менен мамиле кылат. Адамдарды кыжалаттан чыгарат. Улуу баласы сорпону чий көбүгү менен жылуу ичкенди жакшы көрөт. Күн сайын сорпо кайнатат. Ырысы жок жетимдин башына бак конгону, бай жана мээримдүү болгону бат эле элге угулат.

Баягы өгөй атасы уятты жыйнаштырып, жакшылык кабарды угуп, уулунун үйүнө келип, бир жума жатат. Аябай конок болот. Анан ары кетип, бери кетип, ойлонот: «Кантип байыды, касиети эмнеде, жок дегенде кудай жарым дөөлөтүн мага эмне бербеди?» – деп узун санаага батат. Уйларын, жылкыларын, койлорун, карап чыгат. Ал койдун ичинде кут түшкөн козунун кулагын байкайт. «Мунун куту мага жуксун» – деп ойлоду да:

– Козуну сой, чыпчыргасын коротпой казанга сал! – деп өтүнөт.

Бала жышаналуу козуну союп, казанга салып, этин кайнатат. Чий көбүгү чыканда, баягы кут жүргөнүн көрөт.

Өгөй атасы калпып ичейин дегенче болбой, баягы улуу баласы көнгөн адатынча сорпону чий көбүгү менен жылуулай ичип жиберет. Ошондо өгөй атасы:

– Бирөөнүн бактысын талашканым меники чекилик экен. Буларга бата тийип, кут конгон экен. Мындан ары ач көздүктү таштайын, – дептир.

«Бата менен эр көгөрөт, жамгыр менен жер көгөрөт» деген сөз бекер айтылбаптыр – деп өгөй атасы үйүнө кайтыптыр. Ошентип, ак эмгек, кичи пейилдүүлүктүн натыйжасында ырысы жок бала ырыстуу, айлында алымдуу азаматтардын бири болуп калыптыр.

Топ 10 популярдуу жомок

Ырдын атыLike саны
Алия менен жылкы64
Акылдуу кыз жомок54
Жакшылык кылуу - Жакшылык тууралуу жомок31
Акылдуу балдар26
Кырк калп жомок26
ЖАЛКОО25
Көмөч нан (колобок) жомок25
Кыска жана күлкүлүү жомоктор23
Коён менен кирпи20
Бакыт-таалай каякта?19

Сизге жактыбы? Комментарий жазыңыз

Сиздин email адрес жарыяланбайт. Обязательные поля помечены *