Ээн талаада төө оттоп жүрдү. Түлкү жүгүрүп келди да, кыйкырып уруша баштады:

– Эй, төө, эмнеге менин чөбүмдү жеп, менин жеримде оттоп жүрөсүң?

Төө айтат:

– Сенин жериң экенин кайдан билем. Сен адегенде аны далилдеп бер.  Күбөң болсо эрчитип келип такта – сенин жериң экенин!

Түлкү күбө издеп жүгүрүп кетти. Чуркап баратып карышкырга кезикти.

– Карышкыр, жүр мени менен, – деди түлкү, – төө менин жеримде оттоп жүрөт деп күбө болосуң!

– Мен кайдан билмек элем, – дейт карышкыр, – ал төө кимдин жеринде оттоп жүргөнүн?

– А сага билип да кереги жок, – дейт түлкү, – жөн эле ал менин жеримде оттоп жүрөт деп айтасың, ал үчүн экөөбүз төөнү союп жеп алабыз.

Карышкыр макул болду. Экөө төөгө жүгүрүп келишти. Төө сурады:

– Ии, күбөңдү эрчитип келдиңби?

– Алып келдим, – деп жооп берди түлкү.

– Сен эмне дейсиң, күбө? – деп сурайт төө.

– Бул жер – түлкүнүкү, – деп кыйкырат карышкыр.

– Андай болсо карышкыр, менин оозумдагы чөптү ал, – дейт төө, – бирөөнүн чөбүн жеген дурус эмес.

– Ошентип төө оозун аябай ачты. Карышкыр оозундагы чөптү алганга башын төөнүн тумшугуна салып жиберди. Төө катуу кабыштыра тиштеди. Карышкыр тумчугуп, кырылдай баштады. Тыбырчылады да өлүп калды.  Төө оозун ачып аны таштап салды.  Түлкү алысыраак качып барып айтат дейт.

– Карасаңар, бул карышкырды. Күбө болуп, калп айтканың үчүн ушуну көрмөксүң!

Топ 10 популярдуу жомок

Ырдын атыLike саны
Алия менен жылкы65
Акылдуу кыз жомок49
Жакшылык кылуу - Жакшылык тууралуу жомок32
ЖАЛКОО25
Коён менен кирпи25
Акылдуу балдар23
Бакыт-таалай каякта?19
Көмөч нан (колобок) жомок19
Акылдуу кыз18
Кырк калп жомок15

Сизге жактыбы? Комментарий жазыңыз

Сиздин email адрес жарыяланбайт. Обязательные поля помечены *