Бир боярин чабанга эки кой берип башка бояринге жеткизип коюуну өтүндү. Эки кой жибергенин жазган кагазын кошо берди.

Жолдон чабан бир койду союп сатып жиберди да, жалгыз кой менен калды. Бояринге жалгыз койду жетелеп келди да кагазын кошо берди. Боярин кагазда жазылганды окуп, бир эле койду көрүп, чабандан сурады:

— Кой кайда, чабан?

— Мынакей кой, барин, —  деп жооп берет.

— Бул эмес берки кой кана?

— Берки кой ушул.

— Ай чабан, мен мунун жанындагысын сурап атам.

— Жанындагы кой ушул деп атам, – дейт чабан. Андан эч нерсе чыгара албагандан кийин, тажаган боярин түкүрүнүп басып кетти.

Топ 10 популярдуу жомок

Ырдын атыLike саны
Алия менен жылкы65
Акылдуу кыз жомок47
Жакшылык кылуу - Жакшылык тууралуу жомок32
Коён менен кирпи25
Көмөч нан (колобок) жомок25
ЖАЛКОО24
Акылдуу балдар20
Бакыт-таалай каякта?19
Акылдуу кыз18
Кырк калп жомок15

Сизге жактыбы? Комментарий жазыңыз

Сиздин email адрес жарыяланбайт. Обязательные поля помечены *