Датасы: 25.09.2020
Формат: mp3

Көрсөтчү карааныңды кагылайын
Күндө эстеп бир өзүңдү сагынамын
Көздөрүң көргүм келди балбылдаган
Кусалыктан ыр жазып мен ырдайын

Кайырма:

Издеп келем алтыным мен өзүңдү издей берем
Жаркырап жарык чачып жаным келсең
Жайайын кучагымды кенен кенен
Эстей берем эстеп мен бир сөзүңдү сүйөм деген
Сүрөтүн карап карап сенин берген
Кайгынын муздак көлүн кечип келем

Сагындым мени карап күлгөнүңдү
Сезбейсиң сени күтүп жүргөнүмдү
Арадан айлар өттү жылдар өттү
Эстеймин бактылуу биз жүргөн күндү

Один комментарий к “Руслан Ташиев — Издеп келем тексти”

Сизге жактыбы? Комментарий жазыңыз

Сиздин email адрес жарыяланбайт. Обязательные поля помечены *