Жүрөгүм эмнеге муздаган,
Жүрөгүм эмнеге сыздаган.
Жерден да, айдан да мен сени,
Кызганам, кызганамын, кызганам.
Кайырма:
Бакытымдын байрагы болуп,
Баягыдай жайдары жолук.
Махабаттын майрамы болуп,
Мага жолук, дагы бир жолук.
Жел аргы желп этсе жамынам,
Жалынам теңирге, табынам.
Жалындап от болуп, алоолоп,
Сагынам, сагынамын, сагынам.
Кайырма:
Күнөөсүз кыйналдым бүт өмүр,
Күбө бол бүт достор, бүт элим.
Күтөмүн үзүлбөй үмүтүм,
Күтөмүн, күтөмүн.
Гүлсүн Бостонкулова — Мага жолук тексти
Датасы: 29.09.2020 Көрүүлөр: 635