Датасы: 30.09.2020
Формат: mp3

Кыйналтып жанды оорутайынбы?
Көңүлдүн шагын соолутайынбы?
Көөнүмдү көзөп чок тиштеп алып,
Коштошуу үчүн жолугайынбы?
Кысылып кайнап эзилейинби?
Кырчылып сынып кетилейинби?
Көзүмдү оюп алгандай болуп,
Көрүшпөс үчүн кезигейинби?
Азаптын заарын төгүшөйүнбү?
Армандын баарын бөлүшөйүнбү?
Акылдын алсыз кулундай болуп,
Акыркы жолу көрүшөйүнбү?
Жүрөктүн дартын козготоюнбу?
Жашоонун баарын токтотоюнбу?
Жоолугуң үчүн, соолугуң үчүн,
Жолугуп алып коштошоюнбу?..

Түмөнбай Колдошов — Коштошуу тексти: 4 комментарий

Сизге жактыбы? Комментарий жазыңыз

Сиздин email адрес жарыяланбайт. Обязательные поля помечены *