Мына эми билсең азыр жалгызмын,
Өмүр бою бактысызмын, алсызмын.
Сүйүүмө сен такыр өчпөс чок салып,
Көздөрүмдөн жамгырдай жаш агыздың.
Кайырма:
Ыйламсырап жарык жакты караймын,
Жансыз сүрөт жылмайышын самаймын.
Бирок сүрөт турат эч бир кыймылсыз,
Билбейт экем кандай амал табайын.
Кыйын экен жаш жүрөктүн сүйүүсү,
Кыйын экен жаш жигиттин күйүтү.
Билип сүйүү дарты менен күйүтүн,
Үзүлбөйт го жаш жигиттин үмүтү.
Кайырма:
KG Эльмурат — Сүрөтүң тексти
Датасы: 06.10.2020 Көрүүлөр: 1433