Мен жалгыз, жалгыз, сезимдер алсыз,
Сагынуудан башка таппаймын айла,
Жолуккан күндөр, жомоктой түндөр
Кайда, кайда?
Кайырма:
Мейли, мейли жүрөгүмдү жылытпай,
Мейли, мейли учуп кетсең булуттай.
Бийик коюп сүйүүнү намысымдан,
Бир өзүңдү сүйөмүн унутпай.
Эңсетип жанды, эсиңде барбы,
Эгиздердей чогу тосчубуз таңды.
Тунук махабат, жүрөк жаралап,
Кайда калды?
Кайырма:
Нурлан Насип — Мейли тексти
Датасы: 05.10.2020 Көрүүлөр: 5517