Өзүңдү өмүр бою унута албай,
Өткөрдүм өмүрүмдүн жашыл жазын.
Жаралып жан дүйнөмдөн жайнап чыккан
Сенсиң го менин сүйгөн өмүр жазым.
Күйгүзгөн жалынына сенин отуң,
Отуңа кактап коюп өзүң жоксуң.
Кечигип кемитпечи, асылзатым,
Кечигип неге келбей, көңүл болсун?
Сенсиң го менин сүйгөн асылзатым,
Өзүңө өмүр бою багынайын.
Кылымдар кылым санап өтсө дагы,
Карыбайт сага деген махабатым.
Жаралып жан дүйнөмдөн жайнап чыккан,
Сенсиң го менин сүйгөн өмүр жазым.
Гүлбү Ороскул кызы — Өмүр жазым тексти
Датасы: 07.10.2020 Көрүүлөр: 8275