Табышмак сүйүүдөн бүтүп,
Тагдырдын жардыгын күтүп.
Төрөлгөн перзентиң сенин,
Таштаба, балаңды күкүк!
Кайырма:
Теректе уяӊ, күкүк,
Кетпе деп турам күтүп.
Кайыӊда уяӊ, күкүк,
Кайрыл деп турам, күкүк!
Керемет сүйүүңдөн бүтүп,
Кудурет жардыгың күтүп.
Көрүнгөн перзентиӊ сенин,
Көчөгө таштаба, күкүк!
Кайырма:
Жалын, от жаштыгыӊ бүтүп,
Жүзүӊө жүз чийин түшүп.
Жаныӊа эш болор жан таба албай,
Жап-жалгыз каласыӊ, күкүк!
Кайырма:
Асылбек Өзүбеков — Күкүк (New version) тексти
Датасы: 07.10.2020 Көрүүлөр: 434