Датасы: 09.10.2020
Формат: mp3

Мейли, тагдыр, мага башың ийбегин,
Мейли, тагдыр, камыр кылып ийлегин.
Мен өзүңдөн башка нерсе сурабайм, ай,
Аска-зоодой ата-энеме тийбегин.
Мейли, тагдыр, бакытымды бербегин,
Байлыгыңды маңдайыма илбегин.
Бул жашоодо мага артык байлык жок, ий,
Медер туткан балдарыма тийбегин.
Мейли, тагдыр, сыйлыгыңды бербегин,
Маңдай жарып мага жарык тийбегин.
Мен өзүңдөн башка нерсе сурабайм, ай,
Ынтымактуу бир тууганга тийбегин.
Бул жашоодо турсун дайым күн чыгып, ий,
Жалгыз гана ак сүйүүмө тийбегин.
Жалгыз гана жубайыма тийбегин,
Мен өзүмө башка нерсе сурабайм, ай,
Түбөлүктүү досторума тийбегин.
Бир туугандай досторума тийбегин,
Аска-зоодой ата-энеме тийбегин.

Сизге жактыбы? Комментарий жазыңыз

Сиздин email адрес жарыяланбайт. Обязательные поля помечены *