Таңдагы гана чолпон өңдөнүп,
Жаркылдап сүйкүм күлүшүң.
Жыргаткан бозой мүнөзүң,
О чиркин, жаштыктын жыпар гүлүсүң.
Акылың тунук булактай,
Аркар көз күйгөн чырактай.
Кайыкта бирге баратсак,
О чиркин, калбастыр арман тырмактай.
Мен булбул гана таңда таңшыган,
Сен бир гүл тоодо аңкыган.
Абадагы ээ-эй сен чолпон,
О,чиркин айдай жүзүң балкыган.
Өмүрдүн алыс сапарын,
Айдасак деймин кайыгын.
Жаштыктын алтын көлүнөн,
О, чиркин кармасак алтын балыгын.
Саламат Садыкова — Күлгүн жаш тексти
Датасы: 17.10.2020 Көрүүлөр: 466