Датасы: 19.10.2020
Формат: mp3

Күндөрүм буйрубады көрүшкөнгө,
Күнөөсүз ой санаамды бөлүшкөнгө.
Карайган эки тоонун чынарындай,
Калдыкпы катар өспөй тегиз жерде,
Ах, жаным, сүйгөнүм.
Көрүшпөс деңиздеги аралдардай,
Издешип табышпаган маралдардай.
Тагдырдын ушул беле шыбагасы,
Тамшанып мен жүрөмүн санаам канбай.
Ах, жаным, сүйгөнүмю
Кумардын чапкан аты алыс чыгып,
Колумдун кош тизгисин карыштырып,
Жүрөгүм мажнумдуку меники эмес,
Жүрөмүн сага жетпей намыс кылып.
Ах, жаным, сүйгөнүм
Өткөндү кийинкиге салыштырып.

Сизге жактыбы? Комментарий жазыңыз

Сиздин email адрес жарыяланбайт. Обязательные поля помечены *