Датасы: 19.10.2020
Формат: mp3

Жарк эткен күндөй, жайнаган гүлдөй өлкөмдүн кыздары,
Жылдыздай нурдуу, деңиздей сырдуу кыргыздын кыздары.
Махабаттын булагы, жаштык кездин кумары,
Жашообуздун чырагындай.
Ак сезимдин булагы, алтын кездин кумары,
Дилдин ыйык тумарындай кыздар, ай.
Кайырма:
Ала-Тоонун жылдыздары,
Акмаралдары, кундуздары,
Теңдеши жок бул ааламда
Кыргызымдын кыздары.
Шаңкылдап күлгөн, жайдары жүргөн чолпондой көктөгү,
Таалайдын таңы, турмуштун шамы, жашоонун көктөмү.
Махабаттын булагы, жаштык кездин кумары,
Жашообуздун чырагындай.
Ак сезимдин булагы, алтын кездин кумары,
Дилдин ыйык тумарындай кыздар, ай.

Сизге жактыбы? Комментарий жазыңыз

Сиздин email адрес жарыяланбайт. Обязательные поля помечены *