Жылуу кийин, жолуң катаал үшүрсүң,
Кыш да катуу… бороон улуп, кар уруп…
Суугуңду өз мойнума алайын,
Токтой турчу, из карайын, Ата-Журт!
Жазда башка… жел тийбесин абайла,
Көпкө турбас, мобул турган сур булут.
Бүт дартыңды өз мойнума алайын,
Сен ооруба, мен ооруюн, Ата-Журт!
Түндөр жаман… кырсык салып кетпесин,
Наалат келип ат тизгинин шарт буруп…
Азабыңды өз мойнума алайын,
Токтой турчу, из карайын, Ата-Журт!
Жазда башка… жел тийбесин абайла,
Көпкө турбас, мобул турган сур булут.
Бүт дартыңды өз мойнума алайын,
Сен ооруба, мен ооруюн, Ата-Журт!
Саламат Садыкова — Ата-Журт тексти
Датасы: 19.10.2020 Көрүүлөр: 618