Мен сүйгөн менен пайда жок,
Кантейин, жаным, айлам жок.
Көнбөдүң сүйүүң барчудай,
Көңүлүм болду калчудай.
Кайырма:
Балбылдап көздөрүң кара-кара,
Айта албайм сүйүүмдү сага гана.
Айтайын, башканын кереги жок,
Жылмайып жылуулук берчи мага.
Сүйдүрдүң мени, сүйүктүүм,
Сүйүп мен үзбөйм үмүтүм.
Өзүңсүз өтсөм өмүрдөн,
Арманым айтчы, ким үчүн?
Кайырма:
Нурмат Садыров — Мен сүйгөн менен пайда жок тексти
Датасы: 20.10.2020 Көрүүлөр: 2903