Датасы: 21.10.2020
Формат: mp3

Дале эсимде ошол күндөр,
Сенин жүзүң нурун чачкан.
Биз жолугушкан айсыз түндөр,
Топ жылдыздар жымыңдашкан.
Кайырма:
Жаз күнүндө сыдырым жел жүзүм сылайт,
Жаш жүрөктө сагыныч көпкө тызылдайт.
Сендей жанга жолугамбы бул дүйнөдө?
Жоодураган көздөрүңө үмүттөнөм.
Дагы эле сенсиз өтөт күндөрүм,
Сени күтөм таң сүргөнчө.
Бирок билемин, жаным, сен да,
Чыдай албай күйүтүңө.
Кайырма:
Жаз күнүндө келесиң мага жадырап,
Жүрөктөрдө махабат кайра ыр ырдайт.
Сендей жанды тапканыма миң иреттен,
Ыраазымын ошол күнгө, тагдырыма.

Сизге жактыбы? Комментарий жазыңыз

Сиздин email адрес жарыяланбайт. Обязательные поля помечены *