Кел дос, бийле кооз
Ырдап, бийлеп обон соз
Кыймылдары кооз
Бийин бийлеп ырын соз
Жаз ыр, ыр ырда
Эң башкысы кыймылда
Жаш кез маалында
Бийлеп, күлүп ыр ырда
Кышында, жазында, жайында, күз маалында
Кыштакта, Шаарында, жараша өз алына
Талыкпа, алдырба өзүңдү жалкоолукка
Ыр ырда, Кыймылда пайдалуу денсоолукка
Кайырма:
Ла, ла, ла, — Бийле досум ыр ырда
Ла, ла, ла, — Кел досум кыймылда
Ла, ла, ла, — Бий өнөрүн аркала
Ла, ла, Ла, — Шайыр досум алгала
Мезгил келди, учур келди
Бийге чакыргыла элди
Бий өнөрүн болсо
Жан дүйнөңдү эргит
Бийле борбор калаа
Ырда бүткүл аалам
Алга Кыргызстаным
Айтам ысык салам
Бишкекке, Нарынга,Таласка, Ош тарапка
Ысык Көл, Баткенге, Жалал-Абад, Чүй жакка
Баарына айтарым ар бир Ала-Тоолукка
Ыр ырда, Кыймылда пайдалуу денсоолукка
Кайырма:
Добр — Ла-ла-ла тексти
Датасы: 21.10.2020 Көрүүлөр: 627