Датасы: 22.10.2020
Формат: mp3

Жолугуң кызыл эле,
Жамынып жыгылчудай чачтарың узун эле,
Көйнөгүң көгүш эле, көздөрүң деңиз эле,
Мага да башкалардай мамилең тегиз эле.
Тиштериң бермет эле, сөздөрүң шербет эле,
Ордуңду таппай калуу оюма келбес эле,
Күлгөнүң чырак эле, күлкүңчү булак эле,
Чарчабай тургум келчү чачыңдан сылап эле.
Жеткирип барар элем, эртиктеп калар элем,
Узаарда терезеңден уурданып карар элем,
Ортоксуң ак сырыма, ой болгун жакшы ырыма,
Ок болуп өмүр өтөр буйруксуз тагдырыма.
Аруусун сага бердим, ачуусун мага бергин,
Сен ушул кадырымда сезимде кала бергин…

Асылбек Өзүбеков — Жан арманым тексти: 2 комментарий

Сизге жактыбы? Комментарий жазыңыз

Сиздин email адрес жарыяланбайт. Обязательные поля помечены *