Датасы: 25.10.2020
Формат: mp3

Сени менен бир болсом деп кыялданам,
Арман болдуң жан дүйнөмдүн тынчын алган.
Жаркылдаган элесиңден алсызданып,
Унуткуча көз жашымды кантип тыям?
Кайырма:
Ырдасам да, ыйласам да, кыйкырсам да,
Алыстасың, бир өзүңө үнүм жетпейт.
Канчалык сүйөрүмдү билесиңби?
Сенден башка эч бир жанды сүйгүм келбейт.
Мерез сүйүү, тагдырымды талкаладың,
Жалгыздык мени сенден тартып алды.
Бассам-турсам сен жөнүндө ойго батам,
Айла таппай жаш жүрөгүм жараланды.
Кайырма:
Жароокер көздөрүңдөн адашканмын,
Балдай таттуу сөздөрүңө алданганмын.
Сүйгүм келбейт, сүйбөймүн деп капысынан,
Бир көрүп тун сүйүүмө кабылганмын.
Кайырма:

Сизге жактыбы? Комментарий жазыңыз

Сиздин email адрес жарыяланбайт. Обязательные поля помечены *