Бүгүн үлпөт, бүгүн той, бүгүн шаттык,
Бактыбызды мына ушул үйдөн таптык.
Кел, коноктор, келгиле, төргө өткүлө,
Той эшигин силерге кенен ачтык.
Кайырма:
Ай, жеңелер, тоюңар тойго улансын.
Барган жерден колукту бакыт тапсын,
Келечеги келгин деп эшик ачсын.
Алдын бала, аркасын малы бассын,
Көшөгөсү көргөрсүн эки жаштын.
Кайырма:
Көшөгөсү көргөрсүн эки жаштын,
Алдын бала, аркасын малы бассын.
Коломтодо от жайнап, казан кайнап,
Келген киши ак тойдон даам татсын.
Кайырма:
Гүлнара Кахарова — Той ыры тексти
Датасы: 25.10.2020 Көрүүлөр: 1960