Уйкуман серпилгенде алыс жактан,
Айылдын ак таңдары эске келет.
Жолунун боз чаңдары көздөн учуп,
Көңүлүм өскөн жерге имерилет.
Чыгыш жак ак шоокумдан көйнөк кийип,
Бетинде жылдыз өчөт бийик көктүн.
Апалар таңда туруп уй сааганда,
Желге ойноп жыты келет жылуу сүттүн.
Туулган жер, кудуретиң сагындырып,
Элесиң көз алдыма мелт-калт этет.
Айылыма өзүм жетпей, оюм жетип,
Yмүтүм закымдарга батып кетет.
Гүлнур Сатылганова — Туулган жерди сагынуу тексти
Датасы: 26.10.2020 Көрүүлөр: 3761
Жоок ката
мага абдан джакты