Датасы: 28.10.2020
Формат: mp3

Бак ичинде гүлдөп өсөт розалар,
Күн нуруна жыты буркурап.
Тентек желге жалбырагы дирилдеп,
Көңүл черин жазып кулпурат.
Кайырма:
Ах, розалар,
Ах, роза, роза, розалар,
Наздыгыңда сенин сүйүү бар.
Ах, розалар,
Ах, роза, роза, розалар,
Кызыл, агыш түстүү розалар.
Ах, розалар…
Жан дүйнөмдү кытыгылап розалар,
Сымбатына сырын жашырат.
Назик жүзү шүүдүрүмгө мөлтүрөп,
Сулуулугу кумар кандырат.
Кайырма:
Тартууланат сулууларга розалар,
Жазда дайым күлдөп ачылат.
Табигаттын назик жыпар жыттуусу,
Көздөрүңдүн жоосун алышат.
Кайырма:

Один комментарий к “Гүлнара Калдарова — Розалар тексти”

Сизге жактыбы? Комментарий жазыңыз

Сиздин email адрес жарыяланбайт. Обязательные поля помечены *