Сансыз ойлор сага жетпеди,
Эски гүлбак эстен кетпеди.
Келсе деймин кайра кайрылып,
Эң алгачкы сүйүү кечтери.
Кайырма:
Гүлбактамын, ойго батамын,
Эми сени кайдан табамын?
Таарынганымда издеп барбадың,
Капамды мен кантип жазамын?
Жаштык деген – жалын кез экен,
Өчүп кайра жануу тез экен.
Жылуу сезим ошол кездеги,
Дале болсо эстен кетпеди.
Кайырма:
Жарык болгон ошол көз ирмем,
Чагылгандай жанып турду экен.
Учкун сезим кайра тутанып,
Жанса экен деп тилейм ичимден.
Кайырма:
Бактыгүл Бадыева — Эски гүлбак тексти
Датасы: 29.10.2020 Көрүүлөр: 675