Биз, биз элимдин келечеги үчүн,
Биз, бир бололу, ынтымакта бүтүн.
Кел, кол кармашып чогуу баралы,
Биз жол ачып элдин эртеңи үчүн
Кайырма:
Кыргызстан, сен деп ырдайлы,
Кыргызстан, сенде жыргайлы.
Кыргызстан, жаркып, жана бер,
Билбесин элим муң-кайгы.
Ала-Тоо, сен деп ырдайлы,
Ала-Тоо, сенде жыргайлы.
Ыймандуу кыргыз калкыма,
Келбесин эми муң-кайгы.
Биз, Эр Манастын атын даңктаган,
Биз, бир элбиз ата салтын сактаган.
Кел, келечекти бирге куралы,
Биз, мусулман, азан үнүн барктаган.
Кайырма:
Эмил Балтагулов — Билбесин элим муң-кайгы тексти
Датасы: 29.10.2020 Көрүүлөр: 717