Апапак жоолук салынып,
Амандык тилейт жалынып.
Алыстан кызым келет деп, ий,
Апакем жүрөт сагынып.
Тарттырбай ал кез жашымды,
Тал-талдап өргөн чачымды.
Алсырай түшсөм апакем, ай,
Алдыңа жөлөйм башымды.
Ар дайым жарык маанайың,
Агарды саамай чачтарың.
Алпештеп бизди өстүргөн, ай,
Апалар жашоо таалайы.
Апапак жоолук салынып,
Амандык тилейт жалынып.
Алыстан кызым келет деп, ий,
Апакем жүрөт сагынып.
Роза Шакирова — Апакем тексти
Датасы: 29.10.2020 Көрүүлөр: 18779
Апалар аман болсун апам болгондо ушул ырды ар дайым ырдап бермекмин
Оа жакты
Эң мыкты
Бул ырдын автору ким
Бул ырдын автору ким