Жайлоого боз үй тикпесе,
Жадырап кымыз ичпесе.
Ошол да тоолук кыргызбы?
Ардактап кары күтпөсө.
Кайырма:
Кыр-кырда жылкы кишенеп,
Казанда турбаса бышкан эт.
Ошол да тоолук кыргызбы?
Балдары минбесе, небере минбесе кысырек.
Кыздары беш көкүл өрбөсө,
Конокко кой союп бербесе.
Ошол да тоолук кыргызбы?
Калпагын башка кийбесе.
Кайырма:
Көздөрү жадырап жылдыздуу,
Дүйнөсү буруксуйт гүл жыттуу.
Чолпондой ажары жанбаса,
Айтчы ошол тоолук кыргызбы?
Кайырма:
Сема — Ошол да тоолук кыргызбы? тексти
Датасы: 29.10.2020 Көрүүлөр: 4135
Авторду жазыш керек
Авторду жазыш керек