Таң сыдырым саамайым сылаган,Эркелетип бешик ырын ырдаган.Тең келбеген эч нерсе энеме,Балалыктын шамысың жагылган.Кайырма:Мезгил жылып, өзгөрүлүп, айланат,Жетелеген күндөрүң сагынам.Толкун уруп, сагыныч добулу,Шашып турат алдастап аптыга.Чыккым келбейт узакка жаныңдан,Мээримиңе, эне, сезим канбаган.Сен айылда, мен алыста жүрсөм да,Назик колуң сылайт саамайымдан.Кайырма:Аттиң, тагдыр койбойт го эркиңе,Бой жетип калыптырбыз бат эле.Үмүт күтөт толгон ай шооласын,Өмүр кошуп барсам деп демиңе.Кайырма: