Датасы: 29.10.2020
Формат: mp3

Арнаймын мен, арнаймын ак дилимден ырым силерге,
Аруу жүз, ак сүйүүнүн көркү силерде.
Ак куу моюн, ак маралдай кыргыз кыздары,
Чамам да жок, чаркым жок баарын сүйөргө.
Кайырма:
Гүл кыздар,
Эмне үчүн сулуусуңар?
Эзилген жүрөгүмдү,
Эмнеге туйбайсыңар?
Гүл кыздар,
Гүлгө окшоп жайнайсыңар.
Күлгүндөй жаш жүрөктү,
Күн-түнү арбайсыңар.
Айгеримдин чийилген каштары жагат,
Айперинин керилип басканы жагат.
Жамилянын жайдары күлкүсүн кантем?
Айнуранын жолукпай качканы жагат.
Кайырма:
Көнүп калган окшоймун го,
Жеңил олжого.
Эми кантем, капырай, калдым ортодо.
Бирисин да калтырбай мен кыргыз кыздарын,
Бүтүн баарын сүйүп калдым, ой тобо.

Сизге жактыбы? Комментарий жазыңыз

Сиздин email адрес жарыяланбайт. Обязательные поля помечены *