Датасы: 29.10.2020
Формат: mp3

Эмгегиң бийик зор тоодой,
Мээримиң төгүп койгондой.
Учурган канаттарыңбыз,
Көкөлөп учуп барабыз.
Кайырма:
Сарсанаага батпачы,
Кайгыга башың салбачы.
Ак сүтүңдү актачу,
Балдарыңдын максаты.
Ай, балдарыңдын максаты.
Бой жетип биз да чоңойдук,
Бала чак өттү ойгондук.
Ыраазыбыз сага, энеке,
Төгүлсүн дайым береке.
Кайырма:
Сарсанаага батпачы,
Кайгыга башың салбачы.
Ак сүтүңдү актачу,
Балдарыңдын максаты.
Ай, балдарыңдын максаты
Эмгегиң бийик зор тоодой,
Мээримиң төгүп койгондой.
Учурган канаттарыңбыз,
Көкөлөп учуп барабыз.

Урмат Усенов — Энеке тексти: 2 комментарий

  1. Менин атым Нурсаид мен 4 классмын эжей ырыныз сонун экен мага ушундай ырлар жагат!

Сизге жактыбы? Комментарий жазыңыз

Сиздин email адрес жарыяланбайт. Обязательные поля помечены *