Датасы: 29.10.2020
Формат: mp3

Бир сен үчүн,
Бактым үчүн.
Өмүр сүрөм,
Өзгөрбөс сүйүүм үчүн.
Ак сезимим арбалып калган,
Ак сүйүүм арналган.
Сезимдериме кубаныч салган,
Жүрөктө бар адам,
Бир адам.
Кайырма:
Жылдыздай учам, гүл болуп ачам,
Булуттай учуп мен сага барам.
Ай болуп барам, алоолоп жанам,
Таң атпас суусу мен болуп калам.
Мен калам!
Кыялданып суктанамын,
Сагынычтан сан күндөр уктабадым.
Ак сезимим арбалып калган,
Ак сүйүүм арналган.
Сезимдериме кубаныч салган,
Жүрөктө бар адам,
Бир адам.
Кайырма:
Жылдыздай учам, гүл болуп ачам,
Булуттай учуп мен сага барам.
Ай болуп барам, алоолоп жанам,
Таң атпас суусу мен болуп калам.

Сизге жактыбы? Комментарий жазыңыз

Сиздин email адрес жарыяланбайт. Обязательные поля помечены *