Датасы: 23.02.2021
Формат: mp3

Ой санаа менен кемеси
Жүргөнүңдү ата билемин
Күндөр түндөр жол карап
Күткөнүңдү апа сеземин
Сагынгансың ата-энем тентегин

Эх досум кимиң бар деп айылда
Сураба айтып берем сөз тыңда
Күтүп алар элим бар
Тиреп турган атам бар
Жөлөп турган апам бар
Туулуп өскөн айылым бар
Мен аларды сагындым да

Көйнөгүнөн тартып апамдын
Тойго барса эрчип ыйлаймын
Ойлоп көрсөм балалыгымды
Ата-энемди далай кыйнапмын
Өткөндүгүн туйбапмын алтын убактын

Эх досум кимиң бар деп айылда
Сураба айтып берем сөз тыңда
Мен чоңойгон үйүм бар
Чаң жыттанган көчөм бар
Балалыктын изи бар
Туулуп өскөн айылым бар
Айылымды сагындым да




Сизге жактыбы? Комментарий жазыңыз

Сиздин email адрес жарыяланбайт. Обязательные поля помечены *