Туулдум беле насипсиз,
Тутулуп кеттим жазыксыз.
Дубанды бузган жорго элем,
Топор эле болдум басыксыз.
Айылдан кеттим кесилип,
Азаптан таман тешилип.
Армандан кантип кутулам,
Азаптуу гана күнгө кезигип.
Боз учтан кеттим кесилип,
Бозоруп таман тешилип.
Бошоноор күнүм бар бекен,
Боштондук гана күнгө кезигип.